Урматтуу жүргүнчүлөр!
2014-жылдын 20-майынан баштап Бишкек – Белгород – Бишкек маршруту боюнча KR849/850 жаңы үзгүлтүксүз каттамынын ачылышын кубануу менен билдиребиз. Каттам жуманын шейшемби күндөрү аткарылат, Бишкектен учуп чыгуу 20-20 да, Белгороддон учуп чыгуу 23-50 дө жүргүзүлөт. Аба мейкиндигинде Аэробус-320 аба судносу пайдаланылат.
Бишкек менен Белгород аба каттамы Россия менен Кыргызстандын ортосундагы байланыштардын географиясын жана мейкиндиктеги каттамдардын жыштыгын кеңейтет.
Белгород шаары – Россиянын Борбордук-Каратопурактуу районунун инфраструктурасы өнүккөн, илимий, маданий, экономикалык борбору. Шаар Россиянын ири транспорттук түйүнү болуп саналат. Белгород Россиянын 100 миңден 500 миңге чейин калкы бар шаарларынын арасында тазалыгы жана көрктүүлүгү боюнча бир нече жолу биринчиликти ээлеген.
Аталган каттамга билеттин баасын билүү жана алдын ала бронялоо боюнча маалыматты биздин http://airbishkek.kg сайтынан алууга болот. Ал үчүн бронялоонун он-лайн формасын толтуруу зарыл же Авиакомпаниянын Бишкектеги жана Белгороддогу өкүлдөрүнөн http://airbishkek.kg/contacts/representation.html сайты аркылуу билүүгө болот.






