Жеке бөлмөгө кирүү
Кыргызстандын эл аралык аэропортторунда учуу маалында баардык суюк заттарды кол жүгү менен бирге алып жүрүүгө тыюу салынды
Кыргызстандын эл аралык аэропортторунда учуу маалында баардык суюк заттарды кол жүгү менен бирге алып жүрүүгө тыюу салынды. Бул жөнүндө “Манас” аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.
С 7 февраля 2014 года установлен запрет на провоз в ручной клади любых видов жидкостей, контейнеров, тюбиков и иных средств хранения субстанций, предназначенных для личной гигиены, косметических средств, медикаментов, а также средств, используемых в художественной деятельности (краски, грунты, клеи).
2014-жылдын 7-февралынан баштап баардык суюк заттарды, контейнерлерди, тюбиктерди, жеке гигена жана косметика каражаттарын, медикаменттерди, ошондой эле көркөм чыгармачылыкта пайдалануучу заттарды (боекторду, грунттарды, желимдерди) учуу маалында кол жүгү менен бирге талып жүрүүгө тыюу салынды.
Учуу маалында жүргүнчүлөргө такай керектелчи - балдардын тамак азыктарын, эне сүтүн, дарыларды алып жүрүүгө тыюу салынбайт.
Аба судносунун ичинде кол жүгү менен алып жүрүүгө тыюу салынган суюктуктарды, аэрозолдорду жана гелдерди жүргүнчүнүн сакталчы жүгү менен алып жүрүүгө мүмкүн.






