Орусиянын тышкы иштер министрлигинин нотасына ылайык, КР өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматы 2015-жылдын 1-январынан тарта КМШга мүчө-мамлекеттердин (Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кирген мамлекеттерден тышкары) жарандары Орусияга жалпы жарандык паспорттор менен кирүү жана андан чыгуу режимин жайылтуу пландары жөнүндө эскертет.
Мамкаттоонун басма сөз кызматы билдиргендей, МККнын калкты жана жарандык абалды каттоо департаменти калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат, жана өлкөнүн паспорт столдорунда 2015-жылдын баштап Орусиянын аймагына кирээрде жалпы жарандык паспортту көргөзүү керектигин эскертишүүдө.
Муну менен катар, Орусиянын чек арасы аркылуу өтүүдө жалпы жарандык паспортторду 16 жашка чейинки балдар дагы көрсөтүшү керек.
Учурда Орусиянын аймагына кирген кыргызстандык жарандар, КРнын жарандыгы көрсөтүлгөн ички паспортторду (ID-card) жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү (16 жашка чейинки балдар үчүн) гана көрсөтүшөт.
Источник: Акипресс





